Долбоор жөнүндө

Компания жөнүндө

Parking.kg компаниясы – бул Бишкек шаарынын Мэриясынын тапшырыгы боюнча муниципалдык унаа токтотуучу ачык жайды автоматташтырылган башкаруу долбоорун ишке ашыруу максатында жогорку технологиялар, кардарды тейлөө, бизнес башкаруу жана коммуникация жагында өз билимдерин жана тажрыйбаларын бириктиришкен профессионалдар командасы.


Биздин максат – шаарыбызга транспорттук көйгөйлөрдү чеүүгө жардам берүү. Жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн шаардык унаа токтоочу жайдын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу.
 

 

Долбоор жөнүндө

Унаа токтоочу ачык жайларды автоматташтыруу боюнча долбоору, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2016-жылдын январь айында башталган. Долбоор шаардын глобалдык өнүктүрүү планына ылайык жүргүзүлүүдө. 

Унаа токтоочу ачык жайды автоматташтырылган башкаруу системасын,  унаа токтотуу үчүн акыны саатына төлөө тартибин ишке киргизүүнүн зарылдыгы жана максатка ылайыктуулугу Бишкек Шаарын Өнүктүрүү Агенствосунун иликтөөлөрү аркылуу тастыкталган.

Иликтөөлөрдүн алкагында унаа токтоочу ачык жайларды башкаруу системаларын киргизүү боюнча дүйнөнүн башка шаарларынын тажрыйбасы Шаарды Өнүктүрүү Агенствосу тарабынан талданып чыкты жана ошондой системаны Бишкек шаарында колдонууну моделдөө жүргүздү.

Системаны киргизүүдөн күтүлүп жаткан жыйынтыктар төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Шаардын борборду бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын айлануусун көбөйтүү жана эркин токтотуу үчүн унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү. 
  • Унаа токтотуу менен байланышкан Жол Жүрүү Эрежелерин түз жана кыйыр бузуулардын санын азайтуу.
  • Шаардын көчөлөрүнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.
  • Шаардын борборунда иштелип бүткөн газдардын чыгуусун азайтуу, ошону менен бирге шаардын төмөн жак бөлүгүнүн газдалып булгануусун азайтуу. Шаарда жалпы экологиялык абалды жакшыртуу.
  • Кыймылсыз мүлк рыногун шаар үчүн керектүү сандагы кармоочу жана туруктуу унаа токтоочу жабык жайларды курууга демилгелөө.

Унаа токтоочу жайды пайдалануу үчүн саат боюнча төлөө долбоордун ийгиликтүү болуусунун негизги фактору болуп саналат. Шаардын борбордук бөлүгүндө, ири соода борборлорунун аймактарында жана автоунаа көп токтоочу башка орундарда автоматташтырылып башкарылуучу унаа токтотуучу жайларды ачуу өзгөчө актуалдуу болуп турган чак, ушунун өзү Шопоков көчөсүнүн бир бөлүгүн биринчи автоматташтырылган унаа токтоочу жай катары тандоого себеп болду.

Бишкек шаарынын Мэриясы тарабынан өткөрүлүп, 2016-жылдын январь айында аяктаган тендердин жыйынтыгы боюнча Паркинг.Кейджи компаниясы долбоорду ишке ашыруучу компания катары тандалып алынган.

Автоматташтырылган унаа токтоочу жайлар жогоруда келтирилген көйгөйлөрдү чечүүгө, унаа токтотууну ыңгайлуу кылууга жана шаар көчөлөрүнүн тышкы көрүнүшүн иретке келтирүүгү жардам берет.