Иш эрежелери

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

*Транспорт каражатын унаа токтоочу жайга акы төлөбөстөн туруп токтотуп кеткен учур катталса, тарификация транспорт каражаты унаа токтоочу жайга токтотулган алгачкы мүнөттөн баштап эсептелет.

 

Унаа төлөп жатат
Паркинг Кейджи унаа токтоочу жайына унаа каражатын коюу менен Сиз унаа токтоочу жайдын шарттарына жана иштөө тартибине, ошондой эле төлөө шарттарына макул болосуз. Унаа каражатын койгон учурдан баштап алгачкы 15 мүнөт акысыз. Эгерде Сиз унаа каражатыңызды андан узак убакыт калтыра турган болсоңуз анда аны токтотоор замат эле төлөө жүргүзүңүз.

Бир иш күндүн ичинде транспорт каражатын унаа токтоочу жайга кайталап токтоткон учурда ал транспорт каржатынын ээси ошол унаа токтоочу аймак үчүн белгиленген тарифтерге ылайык кайрадан төлөөгө милеттүү.

Унаа токтоочу жай кайтарууга алынбайт, ошого байланыштуу PARKING.KG администрациясы жана персоналы токтогон автоунаа каражаттарынын, ошондой эле автоунаа каражаттарындагы буюмдардын сакталышы үчүн жооптуу эмес.

Акы төлөнүүчү мунициалдык унаа токтоочу жайда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • акы төлөбөстөн унаа токтоочу орундарды 15 мүнөттөн ашык ээлөөгө;
  • транспорт каражаты менен 2 же андан ашык орун ээлөөгө андай жагдайлар болгон учурда анык ээлеген орундардын саны үчүн акы алынат;
  • ишкердик менен алектенүүгө, жарнамалык мүнөздөгү баракчаларды жана кайрылууларды PARKING.KG администрациясы менен алдын ала макулдашуусуз таркатууга
  • от жагууга, уруксатсыз митингдерди жана жыйындарды өткөрүүгө, унаа токтоочу жайдын жабдууларына зыян келтирүүгө, спирт ичимдиктерин ичүүгө жана таштандыларды таштоого;
  • Паркинг Кейджи персоналдарынын ишине жолтоо болууга;
  • Укукка каршы келген кайсы болбосун аракеттерди жасоого.

ТАРИФТЕР ЖАНА ТӨЛӨӨ ЫКМАЛАРЫ

Унаа

токточу

сегменттин

Локация Паркоматтардын түрү Төлөө түрү

Унаа токтоочу

жайдан баасы

(сом)

Негизги көчө Кесилиштер
1 Шопоков көч. Фрунзе көч. чейин Мобилдик Накталай 40
Чуй пр-т боюнча Банктык карталар
2 Шопоков көч. Чуй пр-т. чейин Мобилдик Накталай 40
Киев көч. боюнча Банктык карталар
3 Шопоков көч. Киев көч.  чейин Мобилдик Накталай 40
Токтогул көч. боюнча Банктык карталар

 

Төлөө жүргүзгөндөн кийин Сиз унаа токтоочу жайды кийинки сутканын акырына чейин пайдалана аласыз.
* Кийинчерээк саатына төлөөгө өтүү пландаштырылууда.

Мобилдик унаа токтотуу терминалдарынын жардамы аркылуу төлөө: 
Унаа токтоочу жайдын кызматы үчүн сиз Мобилдик Кассирге төмөнкүдөй жолдор аркылуу төлөй аласыз:

  • накталай акча түрүндө
  • VISA, MASTERCARD же Элькард банктык карталары аркылуу

Төлөө жүргүзүүдө Паркинг Кейджи кызматкеринен унаа токтотуу үчүн төлөнгөндүгү жөнүндө фискалдык чекти же алдын ала төлөнгөн салык дүмүрчөгүн берүүсүн талап кылыңыз

 

 

 

 

Стационардык унаа токтотуу терминалдары (Паркоматтар) аркылуу төлөө
Автоунаанын ээси өз алдынча PARKING.KG унаа токтоочу жайга кирет жана унаа токтоткон убакыт үчүн токтогон автоунаадан бир кадам аралыкта жеткиликтүү болгон Стационардык Паркомат аркылуу төлөйт.

 

 

 

 

 

 

 

 

*Төлөөнүн бул түрү паркоматтар орнотулгандан кийин ишке кирет.
    


Көңүл буруңуздар!

Ар бир унаа токтоочу сегмент жана унаа токтоочу аймак боюнча алынучу акылар ар кандай болуусу мүмкүн, ошондуктан көңүл буруңуздар! Ар бир унаа токтоочу сегменттер жана аймактар боюнча бардык маалыматтар Паркинг Кейджи логотиби бар маалымат калканчаларында көрсөтүлгөн.

 

Бишкек шаарында автоматташтырылган муниципалдык унаа токтоочу ачык жайлар боюнча навигациянын жөнөкөйлүгүн камсыздоо максатында унаа токтоочу жайдын бардык аймагы унаа токтоочу сегменттерге бөлүнгөн. Акы төлөнүүчү унаа токтоочу ачык жайдын ар бир унаа токтоочу сегментинин башын жана аяк жагын биз жол белгилеринин комбинациясы, инфостенддер жана Паркинг Кейджи логотиптери менен белгилейбиз. Биз автоматташтырган унаа токтоочу аймактарда унаа токтоочу жайдын иштөө эрежелери жана убактысы, анын наркы тууралуу маалыматтарды, ошондой эле биз менен байланыш маалыматтарды ар дайым таба аласыз.
Паркинг Кейджи компаниясынын башаруусу алдында Бишкек шаарынын унаа токтоочу аймактарынын саны жана сегменттери долбоордун этаптуу өнүгүүсүнө жараша өзгөрүп турат.